Ак-Булун

Буга чейин Кыргызстандын археология илимине белгисиз болгон Ак-Булуң айлына жакын жайгашкан тарыхый-маданий мурастын аймагы 2020-жылы каттого алынган. Айгине маданий-изилдөө борбору жергиликтүү адамдардын сунушу жана жардамы менен 2021-2022-жылдары изилдөө иштерин жүргүзүп келди. Азыр бул маданий мурас жайында ташка чегилген 116 сөөлөт (изображение), 6 таш коргон жана 3 балбал бар. Ал Тескей-Ала-Тоо кыркаларынын этегинде Түргөн капчыгайынын босогосу менен Ак-Булуң айылынын чыгыш тарабындагы Кургак-Коо иймегинин бөксөлөрүндөгү 60 гектар жерде жайгашкан.

Эстеликтердин көбүн чийимташтар түзөт. Чийимташтар чоң жана орто көлөмдөгү корун (морен) таштарга оюулуп чегилген жана ар кандай көлөмдө челденүүгө (патинизацияга) дуушар болгон. Чегилген сүрөттөр көбүнчө бир түрдүү, көлөмү анча чоң эмес. Алар ар башка мезгилдерде чегилип, эң байыркылары биздин доорго чейинки IХ-VII кылымдарга же эрте темир дооруна таандык.

Эстеликтердин экинчи тобун адырдын жонунда жана дөңдөрдүн этегинде жайгашкан таш коргондор түзөт. Алардын эни 1,5 метрден 12 метрге чейин, таризи тегеректелген, четтерине таштар тизилген. Жаралыш мезгили биздин доорго чейинки 1-миң жылдыгынан биздин доордун 1-миң жылдыгынын акырына туура келери аныкталган.

Кыргыз касиет кармануучулар айтымында, Ак-Булуң чийимташтар аял затын төрөт, көбөйтүүчү, өзгөртүүчү кайратка ээ жер. Адамдар бул жерге байлык үчүн бата үчүн, жашоонун жолун ачуу жана ийгиликке жетүү үчүн келишкен. Алар ошондой эле мергенчиликте жана башка чарбалык иштерде ийгилик каалап, өз жерин таштап кеткен уруулаштарына ак жол тилеп келишкен.

 

Кийинки долбоор
Өйдө